Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

Гросси Иранды өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү жандандырууга чакырды


Рафаэль Гросси, архивдик сүрөт
Рафаэль Гросси, архивдик сүрөт

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин жетекчиси Иранды 2015-жылкы өзөктүк келишимди калыбына келтирүү сүйлөшүүлөрүн “дароо” жандандырууга чакырды. CNN 12-июнда тартуулаган интервьюда Рафаэл Гросси “эл аралык инспекторлорго кеткиле” деп айтуу терс өнүгүүгө алып келерин эскертти.

Гроссинин айтымында, ал Иран лидерлерине “биргелешип иш алып барууну улантууга тийишпиз” деп кайталап келатат.

Өткөн аптада Тегеран БУУнун инспекторлору уран байытуу жараянына көз салган камералардын бир бөлүгүн өчүрүп салганын билдирген.

Бул окуя Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик Иранды кызматташпайт деп сындаган резолюция кабыл алардын алдында болгон.

Ирандын өзөктүк мекемесинин расмий өкүлү бул документ 2015-жылкы келишимди жандандыруу аракеттерине көлөккө түшүрөнүн айткан.

Келишимге ылайык, Тегеран уран байытууну чектемек, ал үчүн экономикалык санкциялар акырындык менен алынмак.

Вашингтон сөз болгон келишимден 2018-жылы чыгып кетип, жазалоочу чаралар кайра киргизилген. Иран ошондон кийин бул жааттагы ишмердигин жанданта баштаган.

АКШнын азыркы президенти Жо Байден Иран шарттарга баш ийсе, документке кайтууга кызыкдар экенин билдирген. Бул максаттагы көп тараптуу сүйлөшүүлөрдө алга жылуу байкалганы айтылганы менен, айрым маселелер боюнча мунаса табыла элек.

Батыш Иран өзөктүк куралдын үстүнөн тымызын иштеп жатканын, Тегеран программасы тынчтык максаттарын гана көздөй турганын билдирип келет.

Гросси камераларсыз Ислам жумуриятынын өзөктүк программасы чындап эле “тынчтыкты” көздөйбү же атомдук круалдын үстүнөн иштеп жатабы деген суроого жооп алуу мүмкүн болбойт деп айтты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG