Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:26

Америкалык ыктыярчылар тил үйрөтүү үчүн Кыргызстанга келишти


Кыргызстанга келген америкалык ыктыярчылар
Кыргызстанга келген америкалык ыктыярчылар

Тынчтык корпусунун “Англисчени чет элдик тил катары окутуу” (TEFL) программасынан алкагында 12 ыктыярчы Кыргызстанга келди. Алар 2020-жылдагы коронавирус пандемиясы башталгандан тарта Европа, Жер ортолук деңиз жана Азия өлкөлөрүнө келген алгачкы ыктыярчылар болуп калды.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашкандай, ыктыярчылар Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы мектептерде жергиликтүү окуучуларга англис тилин үйрөтүшмөкчү.

Тынчтык корпусу Кыргызстанда 25 жылдан бери иш алып барат. Андан бери мекеме чет элдик 1250 ыктыярчыны өлкөгө алып келип, балдарды англис тилин окутууга салым кошкон. “Англисчени чет элдик тил катары окутуу” (TEFL) программасы Билим берүү жана илим министрлиги менен чогуу жүргүзүлөт. (BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG