Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:53

Алмакүчүков Тарых музейинин директорлугунан кетүүгө арыз жазбаганын билдирди


Кеңешбек Алмакүчүков
Кеңешбек Алмакүчүков

Тарых музейинин мурдагы директору Кеңешбек Алмакүчүков кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазбаганын "Азаттыкка" билдирди. Бишкек шаардык соту буга чейин анын ээлеген кызматын калыбына келтирүү тууралуу чечим чыгарган.

Анын айтымында, Маданият, маалымат жана жаштар иштери боюнча министрлиги соттун чечимин аткарбай, аны мурдагы кызматына дайындай элек.

"Мени кызматыма калыбына келтирүү боюнча шаардык соттун чечими 18-майда чыккан. Азыркы күнгө чейин буйрук чыга элек. Анан орто жолдон башка киши музейди убактылуу башкарып турсун деген убактылуу буйрук чыгып жатпайбы. Мен бул кызматка тирешип, жабышып калайын деген ниетим жок. Бирок мен соттун мыйзамдуу чечимин аткарууну талап кылып жатам. Эгер соттун чечимин ар кимибиз аткарбасак эмне болот?"-деди Алмакүчүков.

Бүгүн Мамлекеттик тарых музейинин директорунун милдетин Жылдыз Бакашова аткара баштаганы белгилүү болгон. Кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү Кеңешбек Алмакүчүков кызматтан кетүүгө арызы жазган соң мурдагы вице-премьер Бакашова музей жетекчилигине дайындалганын кабарлаган эле.

Кеңешбек Алмамкүчүков Тарых музейинин директорлугуна 2018-жылы дайындалган. 2020-жылы ноябрда жумуштан бошотулган. Андан бери кызматтан мыйзамсыз бошотулганын айткан Алмакүчүков өз укугун коргоо үчүн сотко кайрылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG