Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:12

Орусия: эмгек мигранттары жапырт кетип жаткан жок


"Сахарово” миграциялык борбору. Архивдик сүрөт
"Сахарово” миграциялык борбору. Архивдик сүрөт

Орусиядагы эмгек миграциясынын рыногунда олуттуу өзгөрүүлөр байкалбайт. Орусиянын президенттин алдындагы Эл чарба жана мамлекеттик кызмат академиясынын Социалдык анализ жана прогноздоо институту ушундай жыйынтыкка келди. Баяндамада айтылгандай, быйылкы жылдын май айына карай орус жергесинде 5,99 миллион чет өлкөлүк жаран жүргөнү катталган. Алардын көбү мигранттар же жеке максатта келгендер. Былтыркы май айында алардын саны 5,66 миллион болчу.

Кыргызстандын жарандары 681 миң 165 кишини түзөт. 2021-жылдын майында 623 миң 043 деп көргөзүлгөн. Ал эми пандемияга чейинки мөөнөт менен салыштырганда, кыргызстандыктардын саны төрт пайызга азайган. Бул – эң төмөн көрсөткүчтөрдүн бири. Маалыматка ылайык, Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстан жарандарынын саны былтыркыга караганда өскөн. Ал эми КМШнын калган өлкөлөрүнүн жарандары азайган.

Докладдын авторлору 24-февралдан кийин Орусиядагы экономикалык абал кыйындаганы менен эмгек мигранттары жапырт кетип жатышат деп айтууга болбойт деп белгилешет. 1-марттан 1-майга чейин Украина, Казакстан, Молдова жана Кыргызстандан мигранттардын саны аз-маз азайган.

Институт “Сахарово” миграциялык борбордо жүргүзгөн сурамжылоо көргөзгөндөй, респонденттердин 6% 24-февралдан кийин жумушсуз калганын, 5,5% маянасы төмөндөгөнүн, 8% мекенине акча которуу мүмкүн болбой калганын айткан. Авторлор суралгандардын басымдуусу оптимисттик маанайда экенин белгилешет. 41% Орусияда ишин улантууну, 30% ал өлкөдө туруктуу жашоону көздөгөнүн айткан.

Майдын ортосунда Кыргызстандын Улуттук банкы мигранттар март айында мурдагы айга салыштырмалуу акчаны 34 млн. долларга аз которгонун билдирген. Украинада согуш башталгандан бери Орусияда эмгектенген мигранттар мекенине кайтып жатканы тууралуу маалыматтар бар.

Кыргыз бийлиги буга чейин Орусияда иштеген эмгек мигранттарынын саны бир миллиондун тегерегинде экенин айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG