Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:01

Зеленский Германияны так позицияны карманууга чакырды


Германиянын канцлери Олаф Шольц согушка чейин Украинага келип Владимир Зеленский менен жолуккан. 14-февраль, 2022-жыл. Киев, Украина.
Германиянын канцлери Олаф Шольц согушка чейин Украинага келип Владимир Зеленский менен жолуккан. 14-февраль, 2022-жыл. Киев, Украина.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Германиянын канцлери Олаф Шольцту Орусия менен Украинанын жаңжалында так позицияны карманууга чакырды.

“Бизге канцлер Шольц Германия Украинаны колдой турганына ишендириши керек. Ал жана анын өкмөтү Украина менен Орусиянын мамилесинде компромисс болушу мүмкүн эмес экенин аңдашы зарыл”, - деди Зеленский ZDF немис телеканалына курган интервьюсунда.

Зеленский “Германиянын аскердик жардам берүү жараянына башка коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу кечигип кошулганын” белгилеп, “эгер Шольц согуш учурунда Киевге келсе, абдан маанилүү кадам болмок” деп кошумчалады.

Украин лидеринин билдирүүсү Олаф Шольц согуш башталгандан бери Киевге биринчи жолушу барышы мүмкүн экени айтылып жаткан маалда жаңырды. Focus интернет-журналы Шольц Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Италиянын премьер-министри Марио Драги менен чогуу украин борборуна 16-июнда келиши ыктымал деп кабарлаган.

Олаф Шольцтун басма сөз кызматы Зеленскийдин сөзүнө комментарий берүүдөн карманды.

Мурдараак бир нече европалык лидерлер, немис оппозициясынын лидери жана Шольцтун өкмөтүнүн мүчөлөрү Украинага келип, Орусиянын аскердик чабуулуна каршы Киевге тилектештик билдирип кеткен.

Эл аралык коомчулукта Шольцту ушундай кадамга барууга чакыргандар арбыган. Немис канцлери ал жакта жарыялоого конкреттүү нерсе болгондо гана Киевге бара турганын жар салган.

Орусия 24-февралда Украинага басып киргенден кийин Германия Киевге финансылык жана аскердик жардам бергенине карабай Олаф Шольцтун өкмөтү өлкө ичинде да, сыртында да сынга кабылып келет. Көпчүлүк аларды АКШга жана Европадагы башка майда мамлекеттерге караганда жардамды кеч жиберди деп айыптаган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG