Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:16

Куттумидин Базаркулов тергөө абагынан бошотулду


Куттумидин Базаркулов.
Куттумидин Базаркулов.

Камактагы журналист Куттумидин Базаркулов тергөө абагынан бошотулду. Бул тууралуу анын иниси "Азаттыкка" билдирди.

Ал Базаркулов кандай шартта бошотулганы жөнүндө маалыматы жоктугун, агасы Бишкекке жолго чыкканын айтты.

Куттумидин Базаркуловду УКМК 2021-жылдын 27-ноябрда үйүнөн кармаган. Журналист “Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айыпталууда.

Тагыраагы 2015-жылы Жалал-Абад облустук телерадиоканалын башкарып турганда тендер өткөрүүдө эреже бузуп, сапатсыз техникаларды сатып алганы айтылган жана мамлекетке 3 миллион сомдон ашуун зыян келтиргени маалымдалган.

Базаркулов Жалал-Абад облустук телерадио компаниясын 2010-2016-жылдары жетектеген. 2021-жылдагы президенттик шайлоого талапкерлигин коюп, кайра баш тарткан. Соңку жылдары коомдук-саясий иштерге активдүү аралашып, 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин бийликке келгендерди кескин сындап, интернетте ар кандай темада видео талкууларды уюштуруп жүргөн.

Мартта журналисттин кан басымы көтөрүлүп, тергөө абагына “Тез жардам” чакыртылган.

Куттумидин Базаркуловдун жакындары сотто Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети басым жасап жатканын айтып чыккан. Базаркулов өзү абактан кайрылуу жолдоп, бийликтин куугунтугуна кабылганын билдирген. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG