Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Футбол: Кыргызстандын курамасы Азия кубогуна жолдомо алды


Кыргызстан Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын эки беттешинде тең жеңишке жетип, 6 упай топтоду.
Кыргызстан Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын эки беттешинде тең жеңишке жетип, 6 упай топтоду.

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Азия кубогунун финалдык баскычына чыкты.

14-июнда B тайпасында Палестина жана Филиппин курама командалары беттешип, Палестина 4:0 менен утту. Ошентип төрт упайы болгон Филиппин тандоо оюндарынан четтеп калды. Анын жыйынтыгы менен Филиппинден жогорку упай алган беш курама команда Азия кубогуна жолдомо алат. Алардын катарында Кыргызстан бар.

Азия кубогуна жолдомо алуу үчүн алты тайпада оюн өтүп жатат. Финалдык бөлүккө тайпанын алты лидери жана экинчи орундагы беш мыкты команда чыгат.

14-июнда Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук курама командаларынын оюну кандай эсеп менен жыйынтыкталганына карабай эки команда тең жолдомону камсыздайт. Оюн саат 21:00дө Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт.

Себеби, F тайпасында буга чейин Кыргызстан Сингапурду 2:1, Мьянманы 2:0 менен уткан. Тажикстан Мьянманы 4:0, Сингапурду 1:0 менен жеңген. Учурда Тажикстан менен Кыргызстанда алтыдан упай бар.

Ошентип, Азия кубогунун финалдык баскычына азырынча Жапония, Сирия, Катар, Түштүк Корея, Австралия, Иран, Сауд Арабиясы, БАЭ, Кытай, Ирак, Оман, Вьетнам, Ливан, Палестина, Өзбекстан, Таиланд, Гонконг, Индия, Кыргызстан жана Тажикстан курама командалары өттү.

Азия кубогу 2023-жылы Кытайда болот. 2019-жылдан баштап турнирге 24 команда катыша баштаган. Ага чейин 16 команда болчу.

Азия кубогу – Азиядагы футбол боюнча улуттук курама командалардын негизги мелдеши. Ал 1956-жылдан бери төрт жылда бир жолу өткөрүлүп турат. Мелдеш дүйнөлүк чемпионаттан бир жылдан кийин өтөт. Чемпиондукту эң көп жеңип алган – Жапония (4 жолу).

Кыргызстан тарыхында биринчи жолу Азия кубогуна 2019-жылы Абу-Дабиде (БАЭ) өткөн мелдешке катышып, 1/8 финалга чейин жеткен. Ага чейин тандоо оюндарынан чыга албай келген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG