Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:04

Байден Беларуска каршы санкцияларды узартты


Жо Байден
Жо Байден

АКШ президенти Жо Байден Беларуска каршы санкцияларды дагы бир жылга узартты. Бул тууралуу чечим Ак үйдүн сайтында жарыяланды.

“Беларус өкмөтүнүн айрым мүчөлөрүнүн саясаты, беларус режиминин кара ниет ишмердүүлүгү жана аны ашкере пайдалануусу АКШнын улуттук коопсуздугуна жана тышкы саясатына бөтөнчө коркунуч жаратат”, - деп айтылат андагы маалыматта.

Беларустун бийлигине карата биринчи санкцияларды 2006-жылдын 16-июнунда АКШ президенти Жорж Буш киргизген. Анда ал беларус бийлигин 2006-жылкы президенттик шайлоодогу “Беларустун демократиялык институттарын жана процесстерин бузууга багытталган аракеттери” үчүн деп айтылган. Бул шайлоодо адам укуктарын бузуу, саясий куугунтуктар болгон жана өлкөдө мамлекеттик коррупция күчөгөнү да буга себеп катары көрсөтүлгөн.

2021-жылдын 9-августунда АКШ Беларустагы 2020-жылдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу расмий Минскинин лидерлерине салган санкцияларын кеңейткен.

2022-жылы Украинага кол салган Орусиянын аскерлери Беларус тараптан да киргени үчүн бир катар беларус аткаминерлерине, анын ичинде өлкө башында турган Александр Лукашенкого АКШ баштаган бир катар Батыш өлкөлөрү санкция салышкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG