Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:16

Ахмадзода: Чек арадагы ок атышууну эки өлкөнүн Аскер прокуратуралары иликтейт


Тажикстандын Согд облусунун губернатору Ражаббой Ахмадзода.
Тажикстандын Согд облусунун губернатору Ражаббой Ахмадзода.

Тажикстандын Согд облусунун губерантору Ражаббой Ахмадзода Булак-Башы аймагында 14-июнда болгон атышуу түшүнбөстүктөн чыкканын айтты.

“Азаттыктын” тажик кызматынын жазышынча, Ражаббой Ахмадзода окуя Ворух анклавынын борборунан 20 чакырымдай алыстыкта болгонун айткан.

“Таңкы саат алтыда (Дүйшөмбү убактысы боюнча) эки тараптын ортосунда түшүнбөстүктүн айынан беш мүнөткө созулган ок атышуу болду. Окуя боюнча эки өлкөнүн Аскер прокуратуралары териштирүү ишин баштады. Окуянын себептерин жумушчу топ иликтеп чыгат”, - деп билдирди Ахмадзода.

Согд облусунун жетекчиси толук маалымат берген эмес. Тажик чек арачысы ок атышуу учурунда каза болгонун четке кагып же тастыктаган эмес.

Кыргызстандын Чек ара кызматы ок атышуу болгон Булак-Башыда эки тараптын сүйлөшүүсү уланып жатканын билдирген. Ага Согд жана Баткен облустарынын күч органдарынын жетекчилери катышып, чыр учурунда ээлеген позицияларын алып кетүүнү макулдашкан.

Кыргызстандын чек ара кызматы Баткен районунун Булак-Башы аймагында 14-июнда таңга жуук 6:50-7:00дө тажик чек арачылары биринчи атканын, ага жооп ирети кыргыз чек арачылары асманга ок чыгарганын билдирген. 07:50дө тажик тарап гранатомет жана миномет колдонуп, саат 8:10до атышуу токтогонун, абал кооптуу экенин кабарлаган.

“Азаттык” радиосунун тажик кызматы атышууда 26 жаштагы Тажикстандын чек арачысы каза болгонун жазды.

3-июнда ушул эле Булак-Башы аймагында кыргыз-тажик чек арачылары атышып, Кыргызстандын эки жоокери жараат алган.

Булак-Башы айылы Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавы менен чектеш аймакта жайгашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG