Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:52

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды


Кыргыз-тажик чек арасы, Баткен облусу. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз-тажик чек арасы, Баткен облусу. Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен районунун Булак-Башы аймагында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында 14-июнь күнү таңга жуук ок атылды. Бул тууралуу Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев “Азаттык” радиосуна билдирди.

“Ушул тапта Баткен облустук чек ара башкармалыгы менен райондук деңгээлдеги 20-22 аскер бөлүгүнүн командирлери жолугушууга кеткен. Сүйлөшүү бүтө элек. Райондун аймагында абал туруктуу”.

Маалыматка караганда, саат 6:50-7:00дө Булак-Башы аймагында тажик чек арачылары биринчи ок аткан. Ага жооп катары кыргыз чек арачылары асманга ок чыгарган.

Кыргызстандын чек ара кызматы 07:50дө тажик тарап гранатомет жана миномет менен кайра атып, саат 8:10дө атышуу токтогонун, бирок абал кооптуу экенин билдирди.

3-июнда ушул эле Булак-Башы аймагында кыргыз-тажик чек арачылары атышып, Кыргызстандын эки жоокери жараат алган. Кыргыз тарап Тажикстандын чек арачылары Булак-Башы аймагында чек аранын шарттуу сызыгынан Кыргызстандын жерине мыйзамсыз өткөнүн кабарлаган.

Тажик тарап окуя үчүн кыргыз чек арачыларын айыптап, алар жактан бир жоокер жараат алганын маалымдаган.

Булак-Башы айылы Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавы менен чектешкен аймакта жайгашкан. Ворухтан тышкары Кыргызстанда бул өлкөнүн Кайрагач деген анклавы да бар. Эки өлкө ортосунда чек ара маселеси толук чечилип бүтө элек. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG