Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:46

Президенттин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын жетекчиси кызматтан алынды


Президенттин администрациясы жана Министрлер кабинети жайгашкан имарат.
Президенттин администрациясы жана Министрлер кабинети жайгашкан имарат.

Алтынбек Эргешов Президенттин администрациясынын жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын жетекчиси кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы 13-июнда кабарлады.

50 жаштагы Алтынбек Эргешов ага чейин өкмөттүн аппаратында иштеп жүргөн. Кезегинде мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жардамчысы, 2010-жылдагы ыңкылаптан соң өкмөт аппаратынын жетекчисинин орун басары рангындагы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы болгон.

Сооронбай Жээнбеков өкмөт башына келгенде Эргешов аткаруу бийлигинен кызматтан кетип, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын директорлор кеңешинин төрагасы болуп эмгектенген.

Ал Кыргызстанда былтыр октябрда президенттик администрациянын түзүмү өзгөртүлүп, жаңы төрт башкармалык түзүлгөндө президент менен өкмөттүн чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыкка жетекчи болуп дайындалган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG