Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:25

Чек ара: сүйлөшүү аяктады, абал чыңалган бойдон турат


Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймагы. Иллюстрация
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймагы. Иллюстрация

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы саат 17.30гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы тилкеде кырдаал чыңалган бойдон турганын маалымдады.

Булак-Башы жерлигинде Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согд багытындагы чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунда тараптар куралдуу окуя боюнча өз дооматтарын билдирди.

Жолугушууда эки тарап Булак-Башыдагы чек ара кезметтеринин жүрүү маршруттарын тактоону, окуя болгон жерге тартылган кошумча күч жана каражаттарды артка кайтарууну жана эки өлкөнүн чек ара постторунун башчыларын күн сайын жолугуп, кырдаал боюнча маалымат алмашууга милдеттендирүүнү макулдашты.

Ошондой эле мурда казылган траншеяларды көөмп, жер участоктору чек арага жакын жайгашкан жарандардын айыл чарба иштерин жүргүзүүгө тоскоолдук жаратпоону сүйлөшүштү.

Расмий билдирүүдө эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын делегациялары жакынкы күндөрү кайра жолугары айтылды.

Кыргызстандын чек ара кызматы Баткен районунун Булак-Башы аймагында 14-июнда таңга жуук 6:50-7:00дө тажик чек арачылары биринчи атканын, ага жооп ирети кыргыз чек арачылары асманга ок чыгарганын билдирген. 07:50дө тажик тарап гранатомет жана миномет колдонуп, саат 8:10до атышуу токтогонун кабарлаган.​

“Азаттыктын” тажик кызматы атышууда 26 жаштагы Тажикстандын чек арачысы каза болгонун жазды.

3-июнда ушул эле Булак-Башы аймагында кыргыз-тажик чек арачылары атышып, Кыргызстандын эки жоокери жараат алган.

Булак-Башы айылы Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавы менен чектеш аймакта жайгашкан. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG