Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Футбол: Кыргызстан - Тажикстан беттеши 0:0 эсеби менен жыйынтыкталды


Футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарында Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук курама командаларынын беттеши 0:0 эсебинде тең чыгуу менен бүттү. Оюн 14-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

Бул F тайпасында жыйынтыктоочу оюн.

Буга чейин Кыргызстан Сингапурду 2:1, Мьянманы 2:0 менен уткан. Тажикстан Мьянманы 4:0, Сингапурду 1:0 менен жеңген. 14-июнда Сингапур Мьянманы 6:2 эсебинде утту. 3-турдун жыйынтыгы менен Тажикстан менен Кыргызстан жетиден упайга ээ болуп, Азия кубогуна жолдомо алышты. Тайпада биринчи орунду Тажикстан, экинчи орунду Кыргызстан ээледи.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө мөөнөтүнөн мурда жолдомо алганы 14-июнда түшкө маал белгилүү болгон. Бул күнү B тайпасында Палестина жана Филиппин курама командалары беттешип, Палестина 4:0 менен утту. 3 турдан кийин төрт упай алган Филиппин 2-орунду ээлеп тандоо оюндарынан четтеди. Бул беттештин жыйынтыгы менен Филиппинден жогорку упай алган 2-орундагы беш курамага Азия кубогуна жолдомо алууга жол ачылды.

Футбол боюнча Азия кубогунун акыркы тандоо оюндары алты тайпада өттү. Мелдештин жыйынтыгында тайпанын алты лидери жана экинчи орундагы беш мыкты команда финалдык бөлүккө чыкты. Буга чейин Иордания (9 упай), Палестина (9 упай), Өзбекстан (9 упай), Таиланд (6 упай), Индия (9 упай), Гонконг (6 упай), Тажикстан (7 упай), Кыргызстан (7 упай), Бахрейн (9 упай)жана Малайзия (6 упай) Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө чыгышкан. 15-июнга караган түнү Индонезия Непалды 7:0 эсебинде утуп, алты упай топтоп акыркы жолдомону алды. Азия кубогуна 24 команда катышат.

13 команданын тизмеси былтыр тандоо оюндарынын 2-раундунда белгилүү болгон. Алар: Жапония, Сирия, Катар, Түштүк Корея, Австралия, Иран, Сауд Арабиясы, БАЭ, Кытай, Ирак, Оман, Вьетнам жана Ливан.

Азия кубогу – Азиядагы футбол боюнча улуттук курама командалардын негизги мелдеши. Ал 1956-жылдан бери төрт жылда бир жолу өткөрүлүп турат. Мелдеш дүйнөлүк чемпионаттан бир жылдан кийин өтөт. Чемпиондукту эң көп жеңип алган – Жапония (4 жолу). Кийинки мелдеш 2023-жылы Кытайда болот.

Кыргызстан тарыхында биринчи жолу Азия кубогуна 2019-жылы Абу-Дабиде (БАЭ) өткөн мелдешке катышып, 1/8 финалга чейин жеткен. Ага чейин тандоо оюндарынан чыга албай келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG