Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:55

"Крымды дагы бошотобуз". Донбасстагы айыгышкан кармаш


Украинанын расмий өкүлдөрү Сверодонецк менен байланыштырган көпүрөлөрдү талкалаган орусиялык армия стратегиялык шаардын басымдуу бөлүгүн ээлегенин билдирди. Киев Донбасстагы кармашты “Европа үчүн эң айыгышкан салгылашуу” деп атап, Батышты көбүрөөк курал менен камсыз кылууга үндөп жатат.

14-июнда эртең менен Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы маалымдагандай, орусиялык армия артиллериянын коштоосунда чабуул коюп, Луганск облусундагы Северодонецк борборунда позицияларын бекемдөө аракетин көрүүдө.

Украин расмий өкүлдөрү каршы тараптын күчтөрү Северодонецкини Лисичанск менен байланыштырган негизги үч көпүрөнү жардыргандан кийин шаарда калган тургундарга эң керектүү нерселерди жеткирүү же карапайым элди эвакуациялоо мүмкүн болбой калганын билдирди.

Лисичанск шаары. 13-июнь 2022-жыл
Лисичанск шаары. 13-июнь 2022-жыл

Сөз болгон эки шаар куласа, Орусия Луганск облусун толугу менен өз көзөмөлүнө алган болот. Аймактын бир бөлүгү 2014-жылдан бери москвачыл жикчилердин колуна өткөн.

Британиянын Коргоо министрлигинин чалгын кызматы орус күчтөрү акыркы бир нече жумада биринчи жолу Харьков тарапка бир аз жылууга жетишкенин билдирди.

Облус губернатору Олег Синегубов “Харьков багытында душман коргонуу менен алек” деп жазды. Губернатор каршы тарап Славянск шаарына чабуул коюуга камданып жатканын кошумчалады.

Жергиликтүү бийлик 13-июнда Донецк облусунун Бахмут шаары аткыланганда көп кабаттуу үч турак үйгө, башка имараттарга ракета тийгенин, үч киши жараат алганын билдирди.

“Путин качан тоет? Мен кайда барам? Бүгүн кайда түнөйм? Дагы аткылашпайт, бомба жарылбайт деп эч ким айта албайт. Түнкүсүн уктагандан да коркуп калдык”, - деп айтып берди Reuters агенттигинин кабарчыларына Оксана аттуу жергиликтүү тургун.

Орусиянын Коргоо министрлиги жайкын тургундардын чыгып кетиши үчүн 15-июнда гуманитардык коридор ачарын айтып, “Азот” заводун коргоп жаткан укриан аскерлерин “каршылык көргөзүүнү токтотууга, куралдарын таштого” чакырды. Министрлик укриан күчтөрүн “химиялык ишканадагы карапайым кишилерди тирүү калкан кылып колдонуп жатат” деп айыптады.

Москва буга чейин да айтып келген айыптоону Киев четке какты.

Мурнку күнү Орусиянын Коргоо министрлиги Донбасста АКШ жана айрым европалык өлкөлөр Украинага берген көп сандагы курал-жарак жок кылынганын билдирген.

Бул билдирүүнү жана жалпы кырдаал тууралуу согушкан тараптар айткан маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Украин президенти Владимир Зеленский 13-июндун кечиндеги кайрылуусунда, Донбасс үчүн күрөш “Европадагы жана Европа үчүн эң айыгышкан кармаш катары аскердик тарыхка кирерин” билдирди.

“Бул салгылашта биз каныбызды төгүп, жаныбызды берип жатабыз. Украинага артыкчылыкка жетишүү, Орусиянын Донбасстагы терроруна чекит коюу үчүн заманбап артиллериялык курал-жабдуу керек деп күн сайын өнөктөштөрүбүзгө кайталап келатабыз”.
Северодонецк шаары. 8-июнь, 2022-жыл.
Северодонецк шаары. 8-июнь, 2022-жыл.

Ошол эле күнү Зеленскийдин кеңсесинин кеңешчиси Михаил Подоляк майданда тең салмакка жетишүү үчүн аларга Батыштан бир миң гаубица, ракета атуучу системалар, 500 танк, бир миң дрон, башка курал-жабдуу керектигин жазган. Анын айымында, курал менен камсыз кылуу маселеси 15-июнда Брюсселдеги жыйында талкууланмакчы. Согуш башталгандан бери Батыш Украинага оор техника жөнөтүүдө, бирок Киев жараян жай жүрүп жатканын айтууда.

Зеленский өз кайрылуусунда "жеңиш күнү качан келерин айтуу кыйын, бирок украиналыктардын көбү жеңиштен башка арга жок экенинен ишенет" деп белгиледи.

“Албетте, биздин Крымды да бошотобуз. Украинанын желеги Ялта жана Судакта, Жанкой жана Евпаториянын үстүндө кайрадан желбирейт. Крымдагы асыл жерлерибизди басып алган ар бир орус жетекчи эсине түйүп алсын: алар ал жакта эч качан тынч жашабайт”.

Ал арада Украинанын улуттук полициясынын башчысы Игорь Клименко орус агрессиясынын натыйжасында каза тапкан 12 миңден ашык карапайым кишинин өлүмү териштирилип жатканын билдирди. Анын айтымында, маркумдардын 75 пайызы эркектер, эки пайызы балдар, калгандары аялдар.

“Алар аскерлерге же күч түзүмдөрүнө тиешеси жок жөн-жай тургундар болчу”, - деп белгиледи Клименко.

Дагы 1200 миң сөөктүн тек жайы аныктала элек.

Буча районунда табылган көрүстөн. 13-июнь 2022-жыл
Буча районунда табылган көрүстөн. 13-июнь 2022-жыл

Маалыматка караганда, Киев облусунун Буча районунда 13-июнда 7 карапайым киши чогу көмүлгөн дагы бир көрүстөн табылды.

Украин бийлигинин, эл аралык иликтөөчүлөрдүн жана журналисттердин далилдерине карабай, Орусия аскердик буталарга гана сокку урганын, жөнөкөй адамдарды тийбегенин айтып келатат.

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссариаты өткөн аптада жарыялаган жаңы отчетунда Орусия басып киргенден бери Украинада 4302 карапайым киши мерт кеткени, 5217си жарадар болгону айтылган. Карапайым кишилер арасындагы жоготууларга негизинен артиллериянын жана ракета системаларынын аткылоосу алып келүүдө.

БУУ чыныгы статистика мындан жогору болушу мүмкүн деп эскертет. Эмне дегенде, салгылашуулар жүрүп жаткан чөлкөмдөрдөн маалымат алуу кыйын болууда.

Расмий Киев убактылуу оккупациланган аймактарда да канча киши өмүр менен кош айтышканын тактоо да дээрлик мүмкн эмес экенин белгилейт.

XS
SM
MD
LG