Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:05

Камактагы Алымкадыр Бейшеналиевдин кан басымы көтөрүлүп кеткени айтылды


Алымкадыр Бейшеналиев сот залында
Алымкадыр Бейшеналиев сот залында

Коррупцияга шек саналып, кызматтан убактылуу четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кан басымы көтөрүлүп жатат. Бул тууралуу анын адвокаты Кайсын Абакиров билдирди.

Адвокаттын айтымында Бейшеналиевдин буга чейин өнөкөт оорулары болгон.

"Эки күн мурун кан басымы көтөрүлүп кетип, кечээ текшерүүдөн өттү. Абалы кандай экенин бүгүн жолукканда билем. Өзүн күнөөлүү деп эсептебейт. Биз аны тергөөнүн жүрүшүндө далилдейбиз", - деди жактоочу.

Адвокат 16-июнда райондук соттун Бейшеналиевди бир айга камакка алуу чечимине каршы даттанууну шаардык сот карай турганын айтты.

Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда коррупцияга шек саналып кармалып, бир айга камалган. Башкы прокуратура ага карата жети кылмыш ишин козгогон. Мындан соң президент Жапаров Бейшеналиевге козголгон кылмыш ишинин жагдайларын иликтөө үчүн атайын комиссия түзгөнүн жарыялаган. Бирок комиссиянын курамына кимдер киргени жана канча убакыт иш алып барары тууралуу так маалымат берилбей келет.

Президент Садыр Жапаров 4-июнда башкы прокурор Курманкул Зулушев менен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматынан убактылуу четтеткен. Мындай чечим эки чиновниктин жеке мамилесине байланыштуу экени жана тергөөнүн акыйкат жүрүшү үчүн кабыл алынганы айтылган.

Президенттик администрация «Азаттыкка» атайын комиссия иштеп жатканын кабарлаган.

Маалыматка ылайык, аталган комиссия тыянак чыгаргандан кийин президент Садыр Жапаров министр боюнча чечим кабыл алмакчы. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG