Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:28

УКМК Равшан Жээнбековдун уулуна өлкөдөн чыгууга тыюу салынбаганын билдирди


Азат Равшан.
Азат Равшан.

Улуттук коопсуздук комитет (УКМК) саясатчы Равшан Жээнбековдун уулу Азат Равшанга Кыргызстандан чыгууга тыюу салынганы тууралуу маалыматты четке какты.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев саясатчынын уулуна Кыргызстандан чыгууга тыюу салынганын айткан.

Саясатчы Равшан Жээнбеков уулу Азат Равшандын Кыргызстандан чыгышына УКМК тыюу салганын билдирип келет. Ал атайын кызматтын билдирүүсүн текшерип көрүшөрүн айтты.

"Уулума УКМКнын тергөөчүсү өзү Кыргызстандан чыкканга болбой турганын айткан. Эми билдирүү таратып жаткан соң текшерип көрөбүз. Уулума АКШга барып ишиңди улант деп жатам", - деди саясатчы.

15 жылдай убакыттан бери АКШда жашап, иштеп жүргөн Азат Равшан атасы камакка алынганда Кыргызстанга келип, жумушун үйдөн улантып жүргөнүн маалымдаган.

Равшан Жээнбеков 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, камакка алынган. 2020-жылы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда бошотулган. Кийин "үй камагынын талаптарын бузду" деген негизде быйыл 5-августта кайра №1 тергөө абагына камакка алынган. 2021-жылдын декабрында бошотулган.

Ал ээлик кылган Next TV каналынын үстүнөн "такталбаган маалыматты таратты" деген негизде быйыл марттын башында кылмыш иши козголуп, териштирүү уланууда. Азат Равшан 1-апрелде УКМКга күбө катары сурак берип чыккан. (МТа)

XS
SM
MD
LG