Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Зыяратчылардын пандемиядан берки алгачкы тобу ажылык сапарга жөнөдү


Ажылыкка баргандар. Архивдик сүрөт.
Ажылыкка баргандар. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандык зыяратчылардын пандемиядан берки алгачкы ажылык сапары башталды. Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, алгачкы топ 16-июнда Сауд Арабиясынын Медина шаарына жөнөп кетти.

"Бүгүн 405 жаран ажылык ибадатын аткаруу үчүн жөнөп жатса, аларды сегизи ажы башчы жана штаб жетекчиси, дарыгерлер коштоп кетүүдө" деп билдирди муфтият.

Ажылык сапарга барчуларды каттоо 11-майда жыйынтыкталып, бардык квота берилип бүткөн. Муфтияттын ажылыкты уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаев “Кыргызстанда ажылык сапарды күтүп кезекте турган 6000 адам бар болчу. Алардын ичинен 1700дөй киши акчасын төлөдү. Толбой калган 900дөй орунду кезекте турбаган адамдар алды” деп билдирген.

Быйыл Кыргызстандын жарандарына ажылыкка барууга 2766 квота бөлүнгөн. Коронавирус пандемиясына байланыштуу Сауд Арабиясы 2020-жылы ажылык зыяратты убактылуу токтоткондон бери кыргызстандыктар ага бара элек болчу. Ал жылы Кыргызстанга 6110 квота бөлүнгөн, сапардын баасы 3350 доллар эле. Быйыл ажылык сапардын акысы 4500 доллар деп бекитилди.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Кыргызстандан ажылыкка барам дегендерден эки жыл мурда топтолгон 636 миң доллардын дайыны чыкпай жаткандыктан быйылкы зыярат токтоп калышы ыктымал экенин билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG