Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:00

Ташиев Бейшеналиевдин президент менен мамилеси тууралуу айтканы боюнча пикирин билдирди


Камчыбек Ташиев. Архивдик сүрөт.
Камчыбек Ташиев. Архивдик сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтетилген Алымкадыр Бейшеналиевдин президент менен мамилеси тууралуу айткандары боюнча пикирин билдирди.

15-июнда “Новые лица” басылмасына курган маегинде ал Бейшеналиевге каршы кылмыш иштерин атайын кызмат эмес, прокуратура козгоп, тергеп жатканын айтып, “жазаланбагандык ого бетер начар абал жаратарын” белгиледи.

Басылманын Бейшеналиев жазаланбай турганына бекем ишенген жана президент менен эң жакшы мамиледе экендигин баса белгилеген адам экени тууралуу суроосуна жооп берип жатып Ташиев ар бир мамлекеттик кызматкер мыйзамдан коркуп жана мыйзамды сыйлап иштөөсү керек экенин айтты.

“Ар бир адамды мыйзамды сактоо гана коргоп кала алат. Ошондуктан президент менен, төрага же башка менен тааныштыгына үмүт артуунун кереги жок”, - деди ал.

2-июнда Бейшеналиев жемкорлукка шектелип кармалган. Башкы прокуратура ага жети кылмыш иши козголгонун билдирген. Андан тышкары министрликтеги жетекчилик кызматты ээлеген үч кишиге да иш козголуп, алардын экөө камакка алынган. 16-майда "Азаттыкка" курган маегинде Бейшеналиев аны атайын кызматтын кызматкерлери эки жолу суракка алышканын, ага чейин да "аракет көрүлгөнүн" айтып берген. (RK)

XS
SM
MD
LG