Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Алексей Навальный абактан байланышка чыкты


Алексей Навальный
Алексей Навальный

Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный социалдык түйүндөрдөгү баракчалары аркылуу билдирүү таратып, Владимир облусундагы Мелехово шаарчасындагы күчөтүлгөн тартиптеги абакка которулганын маалымдады.

Навальный буга чейин жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Покров шаарында түзөтүү колониясынан 14-июнда башка абакка которулганы кабарланган. Саясатчынын басма сөз катчысы Кира Ярмыш аны кайсы жакка алып кетишкени акыркы мезгилге чейин белгисиз болуп жатканын айткан эле. Федералдык жаза аткаруу кызматы да маалымат тараткан эмес.

Март айында Москва шаарынын Лефортово райондук соту оппозиционердин экинчи иши боюнча тогуз жылга эркинен ажыраткан. Москва шаардык соту биринчи инстанциянын майда ушул эле өкүмдү күчүндө калтырган.

Сот Навальныйды "Коррупцияга каршы күрөшүү фондуна түшкөн акчаны иштетүүдө алдамчылыкка барган, өзүнүн жеке иштерине колдонгон" деп тапкан. Мындан сырткары ага "мурдагы ишин караган сот Вера Акимованы кемсинткен" деген кине тагылган. Навальный өзү жана анын санаалаштары бул айыптоолорду четке кагып, муну саясий куугунтук менен байланыштырат.

Президент Владимир Путинди кескин сындап, орус бийлигинин коррупциялык аракеттерин ашкерелеп келген Навальный 2020-жылдын август айында ууландырылып, Германияга жеткирилген. Ал 2021-жылы январь айында Орусияга кайтып келгенде кармалган жана жети жыл мурдагы “Ив Роше" ишине байланыштуу "шарттуу жазанын эрежелерин бузду" деп айыпталып, дээрлик үч жылга кесилген.

Былтыр сентябрда Навальныйга жана анын үзөңгүлөштөрүнө "экстремизмге" байланыштуу жаңы кылмыш иши козголгон. Навальный өзү жана анын санаалаштары айыпты саясий куугунтук деп эсептешет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG