Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:01

"Газпром" "Түндүк агым" газ куурунун экинчи турбинасын токтотту


Орусиядан Европага көгүлтүр отун жеткирүүчү куурлар.
Орусиядан Европага көгүлтүр отун жеткирүүчү куурлар.

Орусиянын мамлекеттик "Газпром" компаниясы "Түндүк агым" газ куурунун "Портовая" станциясындагы Siemens турбиналарынын дагы бирин токтотту. Бул тууралуу компаниянын Телеграм каналында маалымдалды.

Бул Германияга газ экспорттоонун көлөмүн азайтат. Эгер "Түндүк агым" аркылуу май айында суткасына 170 миллион метр куб газ өткөрүлүп турса, “Газпром” эми анын көлөмүн 67 миллион метр кубга чейин түшүрөрүн жар салды.

Мурдараак компания ушул эле станциядагы бир турбинаны токтоткон. Анда өткөрүү көлөмү 67 миллион метр кубга чейин түшкөн эле.

"Газпром" компаниясынын өкүлдөрүнүн түшүндүрүшүнчө, турбиналардын токтотулушу аларды коопсуз иштетүү жана оңдоого мүмкүнчүлүк болбой жатканында. Аларды Siemens немис компаниясы тейлечү. Евробиримдик Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга санкция салгандан кийин Siemens Москва менен кызматташуудан баш тарткан. Siemens оңдоо үчүн Канадага жиберген газ турбиналарын кайра артка кайтарган эмес.

Орусиянын Украинага кол салуусунан чейин Германия көгүлтүр отунду керектөөсүнүн 50% ашыгыраагын Москвадан алган. Берлин отун энергетикалык көз карандылыктан чыгуу үчүн муну азайтуу аракеттерин баштаганын, бирок ал көп жылга чейин созуларын билдирген.

Орусия газды Европага Украинанын аймагындагы куурлар жана Балтика деңизинин түбүндөгү “Түндүк агым” куурлары аркылуу алып өтчү. Киевге болгон көз карандылыкты жоюу үчүн Москва деңиз түбүнө экинчи линия катары “Түндүк агым-2” долбоорун курду. Анын курулушу 2021-жылы сентябрда бүткөн, 2022-жылы ишке берилиши керек эле. Учурда анын сапатын текшерүү үчүн сертификациялоо иштери жүрүп жаткан.

Москва Донбасстагы жикчил “республикалардын” көз карандысыздыгын тааныгандан кийин Германиянын канцлери Олаф Шольц 22-февралда “Түндүк агым-2” долбоорунун сертификациясын убактылуу токтоткон. “Түндүк агым-1” долбооруна санкция салынган эмес. Биринчи газ кууру 2011-жылдан бери иштейт жана жылына 55 млрд. метр куб газ ташууга жөндөмдүү. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG