Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Макрон Орусияны токтотуу үчүн "баарын жасоого" даяр экенин айтты


Эммануэл Макрон Румыниядагы НАТО базасында.
Эммануэл Макрон Румыниядагы НАТО базасында.

Франциянын президенти Эммануэл Макрондун Орусиянын Украина менен согушун токтотуу үчүн баарын жасоого даяр экенин убада кылган билдирүүсү анын Москвага карата буга чейинки позициясынан кескин айырмаланды.

15-июнда Румынияга сапары учурунда НАТОнун аскердик базасында франциялык, америкалык, британиялык жана башка союздаш өлкөлөрдүн аскерлеринин алдында сүйлөп жатып ал “Биз Орусиянын аскердик күчүн токтотуу, украиналыктарга жана алардын армиясына жардам берүү жана сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн бардыгын жасайбыз», - деп билдирди.

Буга чейин француз президентинин Орусияны кемсинтпеш керек деп айтканы Украинаны колдогон өлкөлөр ичинде нааразылык жараткан болчу.

Айрым маалыматтарга караганда, Макрон 16-июнда Киевге барышы ыктымал. Аны менен бирге Украинанын борборуна Германиянын канцлери Олаф Шольц да барары айтылууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG