Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:39

Руслан Бекназаров Свердлов районунун акиминин орун басары болуп дайындалды


Руслан Бекназаров.

Руслан Бекназаров Бишкек шаарынын Свердлов районунун акиминин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Руслан Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу. Ал 2019-2020-жылдары президенттин аппаратында иштеген. Ага чейин Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болгон.

2021-жылы өткөн парламенттик шайлоого "Азаттык" партиясынын тизмеси менен катышкан.

Ушул жылдын март айында Свердлов районунун акими болуп Максатбек Саргазаков дайындалган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG