Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:31

Аба ырайы: кээ бир аймактарда өткүн өтөт


Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 16-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир аймагында, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтөт.

Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Ош облусунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33,
  • Талас жергесинде түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31,
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 16…21, күндүз 28…33,
  • Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10…15, күндүз 19…24,
  • Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24,
  • Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…-6, күндүз 6…11.
  • Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын түнкү температурасы 11…13°, күндүзгү температурасы 21…23° жылуу болушу күтүлөт. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG