Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:43

Депутат Акаев түрмөлөрдү «криминал жана акча башкарып калганын» айтты


Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

Кыргызстандын абактарын «криминал жана акча башкарып калды» деген пикирин бүгүн 15-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жанарбек Акаев билдирди. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун ишмердүүлүгү талкууланып жатканда ал түрмөлөрдү «толук бойдон радикалдуу түрдө реформалоо керектигин» белгилеп, абактардагы миңдеген адамдын абалын «кыйноо» деп мүнөздөдү.

Акаевдин пикиринде, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун макамын жогорулатып, ага акча каражатын «аябай бөлүп берүү керек»:

«Түрмөлөрдү криминал башкарат. Мына ошолор менен сүйлөшкөндөн кийин гана ысык сууга жуунат. Үйүнөн ата-энеси берип жиберген тамакты ошолордун уруксаты менен гана киргизет. Жуунганды айтып жатышат «100 сом берсең ысык суу берет, болбосо, муздак суу берип коет же суу бербей коюшу мүмкүн» деп. Кыйноо да мунун баары. Ким каерге жайгашышы керек, ошонун баарын криминал чечип жатат. Акчанын баарын ошолор алып жатат. Түрмө өзүнчө өлкө болуп калды. Ушуну кантип көрбөйсүңөр?».

Жыйынга катышып жаткан Жаза аткаруу кызматынын, Башкы прокуратуранын жана башка тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү депутаттын бул айткандарына комментарий беришкен жок.

Кыргызстанда жаза аткаруу системасына караштуу 27 мекеме бар, алардын 11и түзөтүү колониясы, 10у жатак абак, алтоо тергөө абагы. (RK)

XS
SM
MD
LG