Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:05

Кыйноого каршы борборду акыйкатчы менен бириктирүү жөнүндө билдирүү талаш жаратты


Бакыт Рысбеков. Эдил Байсалов. Коллаж сүрөт.
Бакыт Рысбеков. Эдил Байсалов. Коллаж сүрөт.

Акыйкатчы институту менен Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборду бириктирүү сунушу берилгени жатканы тууралуу маселе бүгүн 15-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында талаш жаратты.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча борбордун ишмердүүлүгү талкууланып жатканда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов эки органды бириктирүү өкмөттүн позициясы экенин айтып, жакынкы учурда сунуш берилерин билдирди:

“Улуттук борбордун ыйгарым укуктарын акыйкатчы менен бириктирип… Ошондо бизде алдын алуу боюнча бир институт, механизм, парламенттик күчтүү бир контроль органы болушу керек деген ойдобуз. Бул Министрлер кабинетинин позициясы”.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков Байсаловдун бул билдирүүсү өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун айтканына дал келбей турганын билдирди:

“Мындан эки жума мурун Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен өзүм жеке жолугуп чыккам. Ал кишинин позициясы таптакыр башка эле. Эдил Жолдубаевич Министрлер кабинетинин атынан айтып жаткан сөзү башкача болуп жатат. Эл аралык талаптар жана милдеттенмелер бар. Сөздүн чынын айтканда, акыйкатчынын мандаты Кудайга шүгүр эле”.

Кыйноолорду алдын алуу борбору 2012-жылы түзүлгөн. Бюджеттен каржылануучу мекеменин ишине эл аралык уюмдар жардам берет. Борбордун жалпы жамааты 25 адам.

Жогорку Кеңеш акыйкатчы жана аталган борбор аркылуу Кыргызстанда адам укуктарынын сакталышына парламенттик көзөмөлүн жүргүзөт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG