Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:08

“Кумтөр Голд Компани" ижарага алынган жаңы кеңсеге көчтү


Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев 15-июнда парламент отурумунда ("Ата-Журт Кыргызстан") Кумтөр кенин башкарган “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдинги кымбат баадагы кеңсени ижарага алганын айтып чыкты.

Депутат “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мамлекетке караштуу кеңседен чыгып, шаардын чок ортосундагы кымбат баалуу жеке менчик кеңсеге көчкөнү туура эмес экенин билдирди.

"Тилекке каршы, коомчулукта Тенгиз Бөлтүрүк тууралуу сөз абдан көп. Тендерлер, кеңсе боюнча. Бөлтүрүккө чейин булар мамлекеттик "Учкун" ишканасында отурушкан. Азыр шаардын чок ортосундагы Киев-Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги чоң кеңсени алышты. Абдан кымбат, айына 50 миң доллардын тегерегинде акча төлөйт экен. Бул абдан туура эмес деп эсептейм. Анткени мамлекетте бош ишканалар көп. Кеңсеге кеткен акчаны башка жактарга жумшасак болмок".

“Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин басма сөз катчысы Назира Ахмедова холдинг Бишкек шаарынын Панфилов 178 дарегинде жайгашкан жаңы кеңсеге көчүп жатканын, компания жалпы аянты 5000 чарчы метр "А" классындагы кеңсени ижарага алуу боюнча келишим түзгөнүн билдирди.

"Учкун" ишканасында “Кумтөр Голд Компани" отурчу. Азыр холдинг түзүлдү. Биз ал жакка баткан жокпуз. Бир кичинекей кабинетте 7-8 киши тыгылып отурду. Ал жерде эки лифт иштейт, жакшы жүрбөйт. Кеңсе эскирген, ремонтко көп каражат кетмек. Мамлекеттик ишканаларда биз издеген кеңсе жок экен. Биз орточо баадагы кеңсе алдык. “Кумтөр Голд Компани" ишканасында 345 киши иштейт. Андан тышкары холдингдин кызматкерлери бар. Жалпы 500гө жакын. Андан тышкары эл аралык инвесторлор келип жатат. Аларды кабыл алганга дагы "Учкундагы" кеңседе мүмкүнчүлүк болбоду".

“Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин басма сөз катчысы канча чарчы метр, канча акчага ижарага алынганы тууралуу маалыматты кийин бере турганын айтты.

Коомчулукта Кыргызстан Кумтөрдү өз колуна алгандан бери канча киреше таап, өкмөт ошол акчаны кандай бөлүштүрүп жатканы тууралуу ачык маалымат жок деген сын пикир айтылып келет.

Садыр Жапаров 10-майда кенге Эсеп палатасынын кызматкерлерин жибергенин, текшерүүнүн жыйынтыгы менен элге эки айдан кийин маалымат берилерин билдирген.

“Центерра Голд” башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган. Кыргызстан менен “Центерра Голд” быйыл апрель айында доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” 26 пайыздык акциясын өткөрүп берип бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан. Ал эми “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн. (МТа)

XS
SM
MD
LG