Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:40

Билимбек: Таштандыны изилдеген система түзөбүз


Билим Бактыбек уулу.
Билим Бактыбек уулу.

Кыргызстанда таштандыны бөлүп чогулткан Begreen компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Билим Бактыбек уулу глобалдык экологияны талкуулаган "Стокгольм +50" саммитине катышып келди.

Ал климаттык активизмдеги жаштардын орду, Кыргызстанда таштандыны иргөөгө байланыштуу иштеп чыгып жаткан жаңы демилгелери тууралуу айтып берди.

- Билим, жакында эле "Стокгольм +50" аттуу эл аралык климаттык жыйынга Кыргызстандан алгач ирет жаш активисттерге кошулуп барып келдиңиз. Башка өлкөнүн жаштарына салыштырып караганда, климаттык активизм боюнча кыргыз жаштары кандай деңгээлде экен?

- Борбор Азия боюнча жаштардын атынан Кыргызстандан эле эки өкүл барды. Калган өлкөлөрдөн активисттер кошулбай, жалаң мамлекеттик делегация катышты. Негизи биздин Begreen командасы өзүбүзгө өзгөчө катуу талаптарды коюп алыптырбыз. Эл аралык деңгээлге чыкканда биз аткарып жаткан иштердин канчалык маанилүү жана олуттуу экенин көрүп, өзүбүзгө ыраазы болдум. Чет өлкөлүк жаш активисттер климатка кандай кам көрүшөрүн, кандай долбоорлорду ишке ашырганын изилдеп көрдүк. Биздин чакан компаниябыз ошол жактагы жаш активист уюмдарга салыштыра келгенде, 70% көбүрөөк иш аткарат экен. Өлкөдө жүргөндө көп билинбей, бирок сыртка чыкканда гана өзүбүздүн кылып жаткан иштерге баа берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

- Аткарган иштериңер Кыргызстандагы климаттын өзгөрүүсүн алдын алууга кандай салым кошуп жатыптыр?

- Мен сизге акыркы эле маалыматты айтып берейин. Begreen 2019-жылы ачылып, былтыр желимди кайра иштетүүчү заводду ишке киргиздик. Ошондон бери 240 тоннага жакын желимди кайра иштеттик. Бул биздин ишкананын машстабына салыштырганда чакан гана көрсөткүч болгону менен мурда иштетилбей, таштандыга ыргытылып жаткан желим бөтөлкөлөрдүн экологияга тийгизген таасирин эске алганда, чоң эле иш аткарган болуп жатпайбызбы. Ошондой эле биз бардык жакка желим бөтөлкөнү бөлүп салган урналарды орнотуп жатабыз. Азыр Бишкекти толук камсыз кылдык, эми Ысык-Көлдү, дагы башка аймактарды сүйлөшүп жатабыз. Муну менен биз элди таштандыны бөлүп салуу маданиятына үйрөттүк. Мындан тышкары эми биз таштандынын маалыматтык анализин жүргүзүүчү компьютердик программаны иштеп чыгуудабыз.

- Бул маалыматтык кампанын экологияны сактоодо кандай таасири болот?

Билим Бактыбек уулу
Билим Бактыбек уулу

-Бизде башынан бери эле таштандыны сорттоо деген түшүнүк жок болгон да, кийинчерээк эле жайыла баштабадыбы. Бийлик болсо бир учурда эле өлкөнү тазалап, ишембилик өткөрүп койсо, жетиштүү болот дегендей көз карашта. Элди чогултуп, "желимди буга сал, кагазды тигиге сал" деп эле айтып койсо баары ишке ашып калат деп ойлошот. Бирок бул жакшы натыйжа бербейт. Биздин ыкма боюнча таштандыны сорттоону бир гана жол менен баштап, анан акырындап элди көндүрсө болот. Биз алгач желим бөтөлкөлөрдү тандап алып, ошону гана бөлүп ыргытканды акырындап элге үйрөтүп келе жатабыз. Begreen буга чейин көп эл аралык долбоорлорду утту. Анын ичинде медиа, маалыматты таркатуу багытында да бар эле. Белгилүү блогерлер, атактуу адамдар аркылуу биз элге пластикти бөлүп ыргытуу керек экенин түшүндүрүп, көндүргөнгө аракет кылдык.

- Силер Стокгольмго барганда дүйнөлүк деңгээлдеги климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшкөн жаш активисттер менен да жолуктуңар да. Грета Тунберг баштаган Fridays for Future кыймылы менен Стокгольм көчөлөрүндө климаттык адилеттүүлүктү талап кылган маршка чыгыпсыңар. Жаштардын климаттык саясаттагы таасири кандай экен?

- Швециянын бийлиги жаштарга аябай маани берип, келечек катары көргөнүнө аябай суктандым. Жаштардын ою менен эсептешет экен. Биз Швециянын өкмөт башчысы, АКШнын климат боюнча өкүлү Жон Керри, Европа Биримдигинин жетекчиси сыяктуу бир катар дүйнө лидерлери менен жолуктук. Эми мындай глобалдык деңгээлдеги лидерлер кантип эле жаштардын оюн угуп калсын деп таң калдым. Дүйнө лидерлери экология, климат маселесинде жаштардын орду аябай күчтүү деп санашат экен. Ошол себептен бул саммитте жаш активисттер аябай көп болду. Грета Тунберг уюштурган маршка чыккан жаштар менен өспүрүмдөрдүн аягы көрүнбөй, кылкылдап турду. Ошол жерден дагы бир эле кичинекей кыздын дүйнөнү өзгөртүп жатканына таң калдык.

Глазгодогу климаттык активисттердин маршы, 2021-жыл, ноябрь
Глазгодогу климаттык активисттердин маршы, 2021-жыл, ноябрь

Гретанын жанында басып жүрдүк, ал Ат-Башыдагы эле бир айылдык кыздай көрүнөт экен. Гретанын жанынан бул кыз ушундай чоң кыймылды жараткан, глобалдык жүрүштөрдү уюштурган деп элестете да албайсың. Конференциянын ичиндеги саясатчылардын сөздөрү менен сырттагы жаштардын талабы эки башка болуп турду. Жүрүшкө чыккан жаш балдар, кыздар "Стокгольм+50" деп майрамдагандын ордуна саясатчыларды сындап, климаттык өзгөрүүнү токтото албаганы үчүн жектеген сөздөрдү айтышты. "Саясатчылар кооз сүйлөгөндү эле билесиңер" деген айыптоолор болду. Башталгыч класстагы балдардан тарта көп сандагы жаштар климаттык активизмге тартылыптыр. Биздин митингдердеги талаптар таптакыр башкача экенин ошондо билдим. Азырынча Кыргызстанда митингге, жүрүштөргө социалдык, экономикалык же саясий гана талаптар менен чыгат экен. Түбөлүктүү, жаратылышты коргоого багытталган активизм бизде дагы өнүгө элек экен деп бүтүм чыгардым.


- Бул жүрүштөн соң Кыргызстанда, Борбор Азияда жаштардын активизмин күчөтүп, климаттык саясатка таасир этсе болот экен деген тыянак чыгара алдыңарбы?

- Бир эле бизде эмес эле эмес, башка көп эле өлкөлөрдө аткаминерлер түбөлүктүү маселелерге кызыкпайт экен. Айрыкча Борбор Азияда, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө климаттык саясат дээрлик каралбайт. Менимче, өнүккөн өлкөлөрдө деле бир учурларда ушундай болгондур. Анан Грета сыяктуу кыздар чыгып, талаптар өрчүп олтуруп алгач мамлекеттик, андан соң глобалдык деңгээлге чыккан. Кыргызстанда деле климаттык активизмди өнүктүрүп, мамлекетте бул саясатты жөнгө салса болот. Бирок аны түшүнүп колго ала турган билимдүү адамдар көп болушу керек. Бизде азыр өспүрүмдөр экологиялык сабаттуулукка окугандын ордуна "кантип жан багам", "кантип англисче үйрөнөм" деген сыяктуу эле максаттар менен чектелип калып жатат. Дүйнөлүк деңгээлде жүрүшкө чыккан Fridays for Future кыймылынын өкүлдөрү 8-9-10-класста окуган мектеп окуучулары экен. Өнүккөн өлкөлөрдө жашагандар глобалдык масштабда ойлонууга жетишти, биз күнүмдүк түйшүк менен чектелип калып жатпайбызбы. "Украинадагы согуш маалында Борбор Азия өлкөлөрү экономикалык жактан өтө кыйналып, климат, жаратылышка көңүл деле бурбай калды. Азыр биринчи экономиканы оңдоп алып, анан климатка көңүл буруш керекпи?"-деген суроону Швециянын өкмөт башчысына бердим. Ал адамзат согуш маалында деле табиятка аяр мамиле жасоону унутпоосу зарыл экенин, анын кесепети экономикага баары бир таасир этерин айтты.

-Кыргызстанда, Борбор Азияда климат жана экологияга байланыштуу маалымат аз, илимий анализдер дээрлик жок эмеспи. Мунун өзү экологиялык активист жана стартапер катары иш баштоодо силерге таасир эттиби?

- Чындап эле биздин аймакта экологиялык маалымат жетишсиз. Стокгольмго барганда башка аймактардагы маалыматты чогултуп, анализдөөчү компаниялар абдан көп экенин көрдүк. Саясатчы болобу же башкасыбы, дал ошол анализдерге таянып анан чечим чыгарат. Кыргызстанда маалыматтын жоктугу чоң өксүк. Ушундан улам биз чакан компания болсок да, өлкөдөгү маалыматты анализдөөчү бир системаны иштеп чыгуудабыз. Жакында Бишкектин көчөлөрүнө EcoPoint деген күркөлөрдү коюп, элдин таштандысын чогултабыз да аны электрондук каттоого алабыз.

Ошондо кайсы райондон кандай таштанды көп чыгат, элдин эмнеге муктаждыгы бар, экология эң көп таштандынын кайсы түрүнөн жабыркап жатат деген сыяктуу бир катар суроолорго жооп табылып, мамлекет бул маалымат кампасынан пайдалана алат. Таштандыны атайын QR-код менен кабыл алып, аны тапшырган ар бир жаран телефонуна тиркеме жүктөп, таштандынын кантип кайра иштетилип жатканы тууралуу маалымат алып турса болот. Бул экологиядагы көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган чакан болсо да алгачкы кадамдардан болуп калмакчы.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG