Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:04

Орус аскерлери Северодонецк шаарынын көпчүлүгүн көзөмөлдөөдө


Украина. Иллюстрациялык сүрөт.
Украина. Иллюстрациялык сүрөт.

Украин армиясынын бир нече жумадан бери оор жоготууларга учурап көрсөтүп жаткан катуу каршылыгына карабастан орус аскерлери азыркы тапта Северодонецк шаарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөп турат.

Расмий Киев Батыш өлкөлөрүнүн курал-жарак жактан жардамына муктаж экенин кайталап айтууда. Украин президенти Владимир Зеленский 14-июндагы кайрылуусунда өлкө курал-жаракка муктаж болуп жатканын, убада кылган өнөктөш өлкөлөр бере турган куралы кармалып жатканына эч кандай актануу болушу мүмкүн эместигин айтты:

«Биз Украина ракетага каршы заманбап курал-жаракка муктаж деп өнөктөштөрүбүзгө кайрадан кайра кайталап айтып жатабыз. Биздин өлкөдө андай техника жок болууда. Бирок дал азыр биз ошондой курал-жаракка муктажбыз».

Ал арада бүгүн 15-июнда Орусия Северодонецк шаарындагы “Азот” химиялык заводунун аймагында коргонуп жаткан украин аскерлеринен куралын таштап, багынып берүүнү талап кылды. Ал эми ошол эле жерде баш калкалап турган жайкын тургундарга «гуманитардык коридор» берилерин айтты.

Британ чалгын кызматынын соңку маалыматына караганда, жүздөгөн адам азыркы тапта аталган заводдун жертөлөсүндө украин аскерлери менен бирге жашынып турушат.

Ондогон өлкөнүн коргоо министрлери Украинанын коргонуу маселесин талкуулоо үчүн бүгүн Брюссель шаарына чогулуп жатышат. Эртең НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин жыйыны өтүп, анда Украинага курал-жарак берүү маселеси талкууланат.

Орусия Украинага 24-февралда кол салган. Андан бери бул мамлекеттин 7 миллионго чукул жараны чет өлкөлөргө качкын болуп кетти, дагы 8 миллиондой адам өлкө ичинде жер которууга аргасыз болду. Украин тарап 10 миңдей аскеринен, 22 миңдей жай тургунунан ажыраганын, жок кылынган орус аскерлеринин саны кеминде 31 миң экенин билдирүүдө. Орус тарап 1351 аскерин жоготконун 25-мартта расмий түрдө айткандан бери бул маалыматын жаңылай элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG