Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

Ош милициясы иш кагаздарын жасаганы үчүн тогуз кылмыш иши ачылды


Ош шаардык милициясында жарандардын жеке маалыматтарын мыйзамсыз пайдалануу менен кылмыш иштеги далилдерди жана процесстик документтерди бурмалоо боюнча бир топ фактылар аныкталганын 15-июнда Башкы прокуратура маалымды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызмат адамдары кылмыштардын бетин ачуу көрсөткүчүн жасалма жогорулатуу максатында жарандардын жеке маалыматтарын мыйзамсыз пайдаланып, алардын атынан "Кылмыштардын бирдиктүү реестрине" жалган маалыматтарды киргизип, жасалма кылмыш ишин козгошкон. Бул боюнча тергөө аракеттеринин документтери түзүлүп, кийинчерээк жалган арыздардын негизинде токтотулган.

“Уурулук беренеси менен айыпталгандарды көндүрүп, мурда бети ачылбаган кылмыш иштерди алардын моюнуна “илип”, андан соң жабырлануучулардын айыптоону колдоодон баш тартканы жөнүндө жасалма билдирүүлөрүнүн негизинде ишти токтотушкан. Милиция кызматкерлери кылмыштардын бетин ачуу статистикасын көбөйткөн”, - деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.

Бул учур боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча Ош шаардык ИИБнын кызмат адамдарына карата тогуз кылмыш иши козголуп, прокуратура тарабынан тергөө амалдары башталды.

Апрелде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы жана кайгуул кызматынын инспектору бир килограммга жакын маңзатын бекитип, таркатып жатканда кармалганы жарыяланган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG