Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

Навальныйды кайсы абакка которушканы белгисиз болууда


Алексей Навальный абакта.
Алексей Навальный абакта.

Орусиялык оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйды колониядан белгисиз бир жакка алып кетишкенин анын басма сөз катчысы Кира Ярмыш 14-июнда билдирди. «Навальныйды №2 түзөтүү колониясынан алып чыгып кетишти. Аны менен жолугушуу үчүн барган адвокатын саат 14кө чейин кабылдамада кармап отуруп, андан кийин «Бизде андай киши жок” деп коюшуптур. Азыр Алексей каерде экенин, аны кайсы колонияга которушканын билбей жатабыз» деп жазды ал Twitter баракчасына.

Навальный аны өлтүрүүгө аракет кылган система менен жалгыз өзү бетме-бет калганын айткан Ярмыш, балким ал №6 колонияга которулушу ыктымал экенин билдирди.

Март айында Москва шаарынын Лефортово райондук соту оппозиционерди экинчи иши боюнча тогуз жылга эркинен ажыраткан. Москва шаардык соту өкүмдү күчүндө калтырган.

Сот Навальныйды "Коррупцияга каршы күрөшүү фондуна түшкөн акчаны иштетүүдө алдамчылыкка барган, өзүнүн жеке иштерине колдонгон" деп тапкан. Мындан сырткары ага "мурдагы ишин караган сот Вера Акимованы кемсинткен" деген кине тагылган. Навальный өзү жана анын санаалаштары бул айыптоолорду четке кагып, муну саясий куугунтук деп атап келишет. (RK)

XS
SM
MD
LG