Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Украин президенти Евробиримдикти Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүгө чакырды


Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Чехиянын парламентиндеги кайрылуусу. 15-июнь, 2022-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Чехиянын парламентиндеги кайрылуусу. 15-июнь, 2022-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Европа Биримдигин Москванын украин жергесине басып киргендиги үчүн Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүгө чакырды. Бул тууралуу ал 15-июнда Чехиянын эки палатасында жасаган видео кайрылуусунда айтты.

“Биз сиздер мененбиз, сиздер да биз менен болгула. Орусияны бир гана биздин Мариупол, Северодонецк, Харьков жана Киев кызыктырбайт. Анын амбициялары Варшавадан Софияга чейинки кенен аймакка созулат. Орусиянын баскынчылыгы башка мамлекеттерге дагы бөтөн элдин жерин тартып алууга ачып жаткан жол”,-деди украин президенти өз билдирүүсүндө.

Владимир Зеленский мындан сырткары Европа Биримдигине мүчө өлкө – Чехиянын парламентарийлеринен Украинаны уюмга кирүүсүнө талапкер макам берүү демилгесин колдоосун өтүндү. Чех депутаттары Зеленскийди кол чаап, кубатташты.

Европа Биримдигинин кеңеши Орусиянын Украинага кол салганына байланыштуу Москвага каршы киргизилип жаткан санкциялардын алтынчы пакетин 3-июнда расмий түрдө бекитти. Уюмга мүчө мамлекеттердин атайын өкүлдөрү документти 2-июнда жактырышкан.

Жаңы санкцияда орус мунайын ташып келүүнү алты айдан кийин, мунай заттарын сатып алууну сегиз айдан кийин толук токтотуу чечимин кабыл алды. Убактылуу уруксат чийки мунайды куур аркылуу алып жаткан уюмга мүчө Венгрия, Чехия, Словакия сыяктуу мамлекеттерге гана калтырылды. Болгария менен Хорватияга вакуумдук газойл жана мунай жеткирип турууга коюлган мөөнөт да бир аз узартылышы мүмкүн.

Алтынчы пакетте мындан сырткары Орусиянын “Сбербанкын”, “Россельхозбанкын”, “Москва кредиттик банкын” жана Беларустун “Өнүктүрүү банкын” SWIFT эл аралык төлөм системасынан өчүрүү сыяктуу башка чаралар каралган.

Чехия 1-июлдан баштап Европа Биримдигинде төрагалык милдетке өтөт. Уюмда жалпы 27 мамлекет мүчөлүк кылат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG