Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:54

Жоокердин сабалышына шектүү аскер кызматкери эки айга камакка алынды


Бекзат Эсенбеков.
Бекзат Эсенбеков.

Аскердик кызматын өтөп жаткан жоокерди сабап, анын ден соолугуна олуттуу зыян келтирди деп шектелген аскер кызматкери эки айга камакка алынды. Бул тууралуу 16-июнда “Азаттык” радиосуна окуя болгон аскердик бөлүктүн командири Ырыспек Жолдошбаев билдирди:

“Бекзат Эсенбековду сабады деген аскер кызматкери, прапорщик Төрөбай Жаныбек уулу эки айга камакка алынды. Азыр ал аскердик гауптвахтада жатат. Андан тышкары, аскердик бөлүктө мен атайын комиссия түзүп, кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Жыйынтыгында тийиштүү материалдар Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилди”.

Жолдошбаев жабыркаган жоокердин бул аскердик бөлүктө ур-токмок дайыма болуп турары жөнүндө айткан сөзү тастыкталбаганын кошумчалады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Чүйдүн Беловодское айылындагы аскердик бөлүгүндө жоокердин катуу сабалышына шектелип келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан аскер кызматкери кармалганын 7-июнда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирген.

Мекеменин маалыматына караганда, 6-июнда жүргүзүлгөн териштирүүнүн натыйжасында мөөнөттүк негизде кызмат өтөп жаткан жоокер табарсыгы жарылып, №4 ооруканага түшкөнү аныкталган. 7-июнда прокуратурага жабыркаган жоокердин атасы кайрылып, 1-июнда уулун прапорщик сабаганын билдирген жана анын арызынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин аша чабуу тууралуу беренесинин негизинде иш козголгон.

Сабалаган жоокердин жакындары Интернет аркылуу кайрылуу жолдоп, укук тартибин коргоо органдарынан, бийликтен жардам сурашкан жана келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөн аскерлердин бири Эсенбековдон акча талап кылып, ур-токмокко алганын айтышкан.

ӨКМ министринин орун басары Урматбек Шамырканов 20 жаштагы жоокердин табарсыгы жарылып, операция жасалганын ырастап, аскер бөлүгүнүн тиешелүү аскер жетекчилеринин баары кызматынан убактылуу четтетилгенин билдирген. (AiA)

Армияда талкаланган ден соолук
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:38 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG