Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:13

Быйыл жаңы окуу жылы 1-сентябрдан башталат


Быйыл Кыргызстанда жаңы окуу жылы 1-сентябрдан башталат. Министрлер кабинети тиешелүү токтомду даярдап жатканын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Жогорку Кеңештин 16-июндагы жыйынында билдирди.

Мындай чечим мугалимдер, ата-энелер арасында сурамжылоо жүргүзүлгөндөн кийин кабыл алынган.

16-июнда Жогорку Кеңеште Билим берүү боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, айрым депутаттар окуу жылын 1-сентябрда баштоо керектигин айтышкан.

2021-2022-окуу жылы пандемияга байланыштуу 15-сентябрда башталып, 9-июнда аяктаган. Бул чечим коомчулукта бир катар сын-пикирлерди жараткан. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG