Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:34

Кочкордо бүтүрүүчүлөргө Уланбек Эгизбаев атындагы стипендия тапшырылды


Уланбек Эгизбаев атындагы стипендияны тапшыруу учуру.
Уланбек Эгизбаев атындагы стипендияны тапшыруу учуру.

16-июнда Кочкор районунун Көк-Жар айылындагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө Уланбек Эгизбаев атындагы кезектеги стипендия тапшырылды.

Төртүнчү жылы катары менен өткөрүлүп жаткан сынактын төрт жеңүүчүсүнө акчалай сыйлыктар, грамоталар берилди.

“Мен сүйгөн китеп” сынагына быйыл 11 бүтүрүүчү катышты. Башкы сыйлыкты Бакыт кызы Марал жеңип алды. Калган сыйлыктарга Толгонай Жолдошбекова, Медина Темирбекова, Бермет Дадиева татыктуу деп табылды.

Уланбек Эгизбаев атындагы алгачкы стипендия өзү окуп кеткен мектептин мыкты үч бүтүрүүчүсүнө 2019-жылы ыйгарылган.

Стипендия журналисттин кыргыз тилинин азыркысы менен келечегин даңазалап, эне тилин кастарлап, жайылтуу аракетин улантуу максатында жарыяланган.

"Азаттык" радиосунун таланттуу иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда 28 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG