Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Израил менен Египет Евробиримдикке газ жеткирет


Урсула фон дер Ляйен (артта) үч тараптуу келишимге кол коюу учурунда. Каир, Египет. 15-июнь, 2022-жыл.
Урсула фон дер Ляйен (артта) үч тараптуу келишимге кол коюу учурунда. Каир, Египет. 15-июнь, 2022-жыл.

Европа комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйен Каирде Израилдин жана Египеттин жетекчилиги менен Европага суюлтулган газ жеткирүү тууралуу макулдашууга кол койду.

Көгүлтүр отун Израилде өндүрүлөт, Египет аны суюлтуп, кысып, экспортко чыгарат. Евробиримдик Израилге жана Египетке өндүрүшүн көбөйтүүгө жана суудан жаңы газ кендерин табуу үчүн чалгындоо иштерине көмөктөшөт.

Урсула фон дер Ляйен жаңы келишимдер Евробиримдикти Орусияга энергетикалык көз карандылыктан арылтууга жардам берерин жарыялады.

Жер ортолук деңизинин Израилдин аймагына кирген бөлүктөрүндө көлөмү 690 млрд. метр кубга жакын эки ири газ өндүрүлгөн жер бар. Мындан сырткары дагы жаңы газ кени ачылат деп күтүлүүдө.

Бул жакта өндүрүлгөн газ Египетте суюлтулгандан кийин Европага танкерлер менен ташылып кетет.

Израилдин энергетика министри Карин Эльхаррар, жаңы газ макулдашуу Израил менен Египеттин кызматташуусун жакшыртат деп эсептейт. Биргелешкен билдирүүдө Египеттин мунайгаз өндүрүштүк министри Тарек эл-Молла да ушул пикирге кошулду.

Египет Израил менен тынчтык келишимин түзгөн биринчи араб өлкөсү болуп калды. Израил-Египет мамилеси соңку жылдары гана жакшыра баштаган.

Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен мартта АКШ президенти Жо Байден менен газ келишимине кол койгон. Ага ылайык, Кошмо Штаттары Европа Биримдигине мүчө мамлекеттерди быйыл кеминде 15 млрд. метр куб америкалык суюлтулган газ менен камсыздайт.

Европа Биримдигиндеги өлкөлөр жылына 350-400 млрд. метр куб газ керектейт. Айрым маалыматтарга караганда, Европа мунун 40% Орусиядан сатып алат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG