Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:13

Канада менен Дания тарыхтагы "эң тынч согушка" чекит коюшту


Талаштуу Ганс аралы Канаданын жана Даниянын чек ара сызыгында жайгашкан.
Талаштуу Ганс аралы Канаданын жана Даниянын чек ара сызыгында жайгашкан.

Оттавада Канаданын жана Даниянын тышкы иштер министрлери Мелани Жоли менен Йеппе Кофод Түндүк Муз океанындагы Ганс аралын бөлүштүрүү тууралуу келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Даниянын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

Арктикалык Нэрс булуңундагы киши жашабаган чакан аралча 1973-жылдан бери талаш болуп келген. Ал Канада менен Данияга караштуу Гренландиянын суу үстүндөгү чек арасынын кесилишинде жайгашкан.

Ганс аралы жер талаш боюнча тарыхта эң тынч жаңжал же согуш катары белгилүү болгон. 1980-жылдардын ортосунда канадалык аскердик моряктар аралга чыгып, Канаданын желегин орнотуп, флагштоктун алдына виски таштап кетишкен. Бир нече айдан кийин Даниянын Гренландия иштери боюнча министри аралга барып, Канаданын туусунун ордуна өздөрүнүн желегин илишкен. Алар андагы вискини ичип, даниялык аквавит ичимдигин калтырып, “Даниянын аралына кош келиңиздер!” деп жазып калтырышкан.

Ошондон кийин, дээрлик 30 жыл канадалык жана даниялык чек арачылар аралга ай сайын алмак-салмак чыгып, бири-биринин желектерин алмаштырып, ичимдик жана кат таштап кетип турушкан. Соңку келишимден кийин да эки өлкөнүн министрлери бири-бирине өздөрүнүн улуттук ичимдиктерин сунуш кылышты.
Оттавадагы макулдашуудан кийин Ганс аралы теңинен бөлүндү. Натыйжада Дания менен Канаданын ортосунда жападан жалгыз кургактыктагы чек ара тилкеси пайда болду. Анын узундугу болгону бир чакырым аралыкты түзүп калды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG