Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:15

Кыргыз милициясы Росгвардия менен кызматташмай болду


Макулдашууга кол коюу учуру.
Макулдашууга кол коюу учуру.

Кыргыз милициясы Орусиянын Росгвардиясы менен кызматташмай болду. Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков Москвадагы сапары алкагында Орусиянын Улуттук гвардия аскерлеринин федералдык кызматынын (Росгвардия) жетекчилиги менен жолугушуп, кызматташуу тууралуу макулдашууга кол койгонун 16-июнда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, макулдашуу коопсуздукту камсыз кылуу, экстремизмге, курал-жарак менен маңзаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, кылмыштын жаңы түрлөрүнө каршы күрөшүү максатын көздөйт.

Росгвардиянын аскерлери 2021-жылы Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн Кыргызстан-Орусия машыгууларына активдүү катышкан. Бул түзүм Орусияда бийликке каршы нааразылык акциясына чыккандарды таркатууга тартылып турары менен белгилүү. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG