Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:44

The Insider: Чеченстанда эркектер Украинадагы согушка мажбурлап жөнөтүлүүдө


Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров Грозныйдагы стадиондо. Иллюстрациялык сүрөт.
Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров Грозныйдагы стадиондо. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын субъектиси – Чеченстанда эркектер Украинадагы согушка мажбур түрдө жөнөтүлүп жатат. Бул тууралуу The Insider басылмасы ал жакка жөнөтүлгөн чечендердин үй-бүлөлөрүнө, жергиликтүү юристтерге жана укук коргоочуларга таянуу менен маалымдады.

Медиа белгилегендей, күч кызматтары аскерге жарамдууларды ар кандай жолдор менен коркутуп, анын ичинде кылмыш ишин козгоо опузасы менен басым кылышууда.

“Вайфонд” укук коргоо ассоциациясы согуш башталгандан бери аларга кеминде 500дөн ашык адам жардам сурап кайрылганын кабарлаган. Согушка баргысы келбегендер басмырлоого жана кыйноого алынууда.

Уюмдун маалыматына караганда, Орусия Украинага кол салгандан кийин Грозныйда республикадагы бардык бюджеттик мекемелердин кызматкерлери митингге жыйналган. Чогулгандар көпчүлүгү ошол жерден ары фронтко жөнөтүлүшү мүмкүн деп кооптонушкан, бирок алар резервге жазылган. Согуш башталганга чейин Чеченстандын ар бир айылынан резервге бирден адам талап кылынган.

Чеченстандык оппозициялык блогер Хасан Халитов жалпыга маалымдоо каражатына жергиликтүү күч кызматкерлери анын бир тууган агасын уурдап кетип, Украинадагы согушка мажбурлап жөнөткөнүн айткан. Башка блогер Ислам Белокиев куралдуу кагылышка баруудан баш тарткан бир нече адамга кылмыш иши козголгон фактыны билерин маалымдаган.

“1ADAT” чечен кыймылынын өкүлү Ибрагим Янгулбаев болсо “ар бир райондогу полициялардын башчысына кандай ыкма менен болсо да согушка ыктыярчыларды табуу тапшырмасы коюлганын” айтты. Алар өзүнүн тизмесине илинген “бийликти сындап келген кишилерди кармап, камап салуу опузасы менен фронтко жөнөтүүдө” деген Янгулбаев басылмага. Ал ушул күнгө чейин 3 миңдей чечен "ыктыярчы" согушка барганын тактады.

Мурдараак эксперттер жана активисттер Орусия Украинадагы согушка көбүнчө этникалык азчылыктарды жөнөтүп жатканын айтып чыгышкан. “Медиазона” басылмасынын маалыматына ылайык, согушта өлгөн орусиялыктардын басымдуу бөлүгү Дагестанга жана Бурятияга туура келет. Чеченстандыктардын каза тапкан учурлары да арбын. Алар республиканын башчысы Рамзан Кадыровдун атасы Ахмат Кадыровдун атынан түзүлгөн гвардия катары согушка катышууда. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG