Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:34

Атамбаев эки кылмыш иши боюнча акталды


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу жана мурдагы “Себат” окуу жайынын түркиялык 10 демөөрчүсүнө кыргыз жарандыгы берилген факт боюнча актады.

Сот отурумуна ооруканада дарыланып жаткан Атамбаев өзү да алып келинген.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу ал 2020-жылы 11 жылга эркинен ажыратылган жана мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыккан. Өкүмдү Жогорку сот быйыл март айында күчүндө калтырган.

“Батукаев ишинен” тышкары Атамбаев “Кой-Таш иши” (аны колго түшүрүү операциясында бир офицер каза болуп, 175 адам жараат алган), 2020-жылдын октябрындагы Бишкектеги башаламандыктар, кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу жемкорлук, борбор калаанын Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз жазып берүү иштери боюнча да айыпталып жатканын Бишкектин Биринчи май райондук соту билдирген.

Атамбаев өзү бул айыптоолорду саясий куугунтук катары баалап келет.

Бийлик жана укук тартибин коргоо органдары Атамбаевге карата куугунтук жок экенин, соттук териштирүүлөр мыйзам чегинде жүрүп жатканын айтууда.

“Кой-Таш иши” боюнча буга чейинки бир нече отурумда Атамбаев тосмону тепкилеп, тоскоолдук жараткандыктан сот залынан чыгарылган.

Алгач УКМКнын тергөө абагында, кийин Бишкектеги №47 колонияда кармалып келген мурдагы президент быйыл апрелдин башында Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 колонияга которулган. 25-апрелде ал Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG