Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Министр Бейшеналиев боюнча түзүлгөн комиссия ишин жыйынтыктады


Президент Садыр Жапаров саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен. 01.06.2022
Президент Садыр Жапаров саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен. 01.06.2022

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон кылмыш иштерин иликтөө боюнча президент Садыр Жапаровдун чечими менен түзүлгөн комиссия ишин жыйынтыктады.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирип, комиссия кандай тыянакка келгени тууралуу маалымат берген эмес.

Комиссия COVID-19га каршы улуттук планды ишке ашыруу жана вакциналарды сатып алууну, былтыр чет өлкөдөн гуманитардык медициналык жардамдардын келишин иликтеген. Мындан тышкары министрликтеги иш кагаздардын жүргүзүлүшү, кадрларга байланышкан маселелер да териштирилгени айтылат.

"Баш мыйзамга ылайык, ар бир адам анын күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнѳ кирген соттун өкүмү менен аныкталмайынча, кылмыш жана/же жорук жасаганга күнөөлүү деп эсептелбестигин эске алуу зарыл",-деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаардык соту коррупцияга шек саналып бир айга камалган, кызматтан убактылуу четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди 16-июнда үй камагына чыгарды.

Президенттин басма сөз кызматы кызматынан убактылуу четтетилген Алымкадыр Бейшеналиев тергөө аяктаганча кызматына кайтпай турганын билдирген.

Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда коррупцияга шек саналып кармалып, бир айга камалган. Башкы прокуратура ага карата жети кылмыш ишин козгогон. Мындан соң президент Жапаров Бейшеналиевге козголгон кылмыш ишинин жагдайларын иликтөө үчүн атайын комиссия түзгөнүн жарыялаган. Бирок комиссиянын курамына кимдер киргени жарыяланган эмес.

Президент Садыр Жапаров 4-июнда башкы прокурор Курманкул Зулушев менен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматынан убактылуу четтеткен. Мындай чечим эки чиновниктин жеке мамилесине байланыштуу экени жана тергөөнүн акыйкат жүрүшү үчүн кабыл алынганы айтылган.

16-июнда кызматынан убактылуу четтетилген башкы прокурор Курманкул Зулушев ишине киришти. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG