Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:51

Бишкек мэриясы текшерүү үчүн "Белес" ишканасынан беш автобус сатып алат


Президент Садыр Жапаров «Белес.kg» автобусун өзү текшерип көргөн. Архивдик сүрөт.
Президент Садыр Жапаров «Белес.kg» автобусун өзү текшерип көргөн. Архивдик сүрөт.

Бишкек шаарынын мэриясы "Белес.kg" ишканасы менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Меморандумда мэрия автобустардын сапатын текшерүү үчүн газ кыймылдаткычы бар беш автобус сатып алууну көздөөдө.

Автобус кураштыруучу "Белес.kg" ишканасы чыгара турган алгачкы 10 автобусту мамлекет сатып аларын быйыл 15-февралда компаниянын иши менен таанышканы барган президент Садыр Жапаров билдирген жана бул транспорт каражаты жакшы болуп чыкса, келечекте ишкана менен туруктуу негизде кызматташуу мүмкүнчүлүгү карала турганын айткан.

Автобус кураштыруу менен алектенген алгачкы ишкана Чүй облусунда жайгашкан. SAE (АКШ) автоунаа инженерлери берген тастыктама өндүрүштү уюштурууга жана дүйнөлүк компаниялар менен кызматташууга жол ачкан.

Кыргызстанда коомдук автоунаа маселеси орчундуу көйгөйлөрдүн бири. Тейлөөнүн сапатына жана транспорттун жетишсиздигине байланыштуу бир нече жолу нааразылык акциялары өткөн.

Бишкек мэриясынын автобус сатып алууларына байланыштуу буга чейин бир нече кылмыш иши козголуп, мурдагы жетекчилер жоопко тартылган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG