Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:31

Ош шаарында ипотекага берилчү муниципалдык үй курулуп бүттү


Ош шаарында ипотекага берилген муниципалдык үй.
Ош шаарында ипотекага берилген муниципалдык үй.

Ош шаарында муниципалдык ипотекалык программанын алкагында салынган биринчи көп кабаттуу үй пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Тогуз кабаттуу, 90 батирлүү турак үй Ош шаарынын Туран муниципалдык аймактык башкармалыгынын Достук кичи районунда курулган.

"Батирлер толугу менен пайдаланууга даяр. Бөлмөлөрдүн ички жасалгасы жасалып, бардык инженердик коммуникацияларга туташтырылган", - деп айтылат маалыматта.

Ош шаарында дагы эки көп кабаттуу үйдүн курулуш иштери аяктап жатат. Алар Курманжан Датка көчөсүндөгү 80 батирлүү жана Көкүмбий көчөсүндөгү 45 батирлүү үйлөр.

Жалпысынан муниципалдык ипотекалык программанын алкагында Ош шаардык мэриясы тарабынан 215 үй-бүлө турак жай менен камсыз болот. Мындан сырткары, Ош шаарынын мэриясы тарабынан шаардыктардын жашоо шартын жакшыртууга багытталган “Үлүштүк курулуш” долбоору ишке ашырылат. Бул долбоор боюнча Набережная жана Тилеке Баатыр көчөлөрүнүн боюна көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталган.

Мамлекеттик ипотекалык компания быйыл 21-февралдан тартып "Менин үйүм — 2021-2026" турак жай программасы менен “Жеңилдетилген ипотека” (бюджеттик тармактарда иштегендерге 4%) жана “Арзан ипотека” (бардык категориядагы жарандар 8% менен) багыттары боюнча насыяларды каржылоону жанданткан. Жарандар ипотекалык насыя алуу үчүн алгач онлайн арыз жазып, аны Мамлекеттик ипотека компаниясынын адистери жактырышы керек. Бул ирет программанын катышуучулары РСК, "Айыл банк" жана "Бакай банк". (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG