Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:54

Coca-Cola Орусияда өз товарларын сатууну токтотот


Coca-Cola компаниясынын Орусиядагы имараттарынын бири.
Coca-Cola компаниясынын Орусиядагы имараттарынын бири.

Coca-Cola компаниясы продукциялардын бар запасы түгөнгөндөн кийин Орусиянын аймагында өз товарларын өндүрүүнү жана сатууну токтотот. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги кабарлады.

Компания Coca-Cola, Fanta жана Sprite суусундуктарынан сырткары Schweppes алкоголсуз тониктерин, Bon Aqua суусун жана Fuzetea муздак чайларын чыгарчу.

Москванын Украинага кол салуусуна байланыштуу мартта башка компаниялар сыяктуу эле Coca-Cola жана PepsiCo корпорациялары дагы Орусиядагы бизнесин убактылуу токтоткон. Алар кырдаалды байкап жана баа берип турушарын, калган чечимдер ошондон кийин кабыл алынарын маалымдашкан болчу. Кийин PepsiCo дагы Орусияда Pepsi, Mirinda жана 7Up суусундуктарын сатууну токтоторун кабарлады.

Жергиликтүү компаниялардын ичинен "Очаково" аттуу завод майдан тартып Coca-Cola, Fanta жана Sprite суусундуктарына окшош товарларды чыгара баштаган. Алар CoolCola, Fancy жана Street деп аталат жана жасалгасы да оригинал брендге окшош.

Америкалык Йель университетинин маалыматына караганда, Орусия агрессиясын баштагандан бери миңден ашуун чет өлкөлүк ишканалар Орусиядагы ишин чектеп же толук токтотту. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG