Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:06

Президент аткезчиликке каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган мыйзамга кол койду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров аткезчиликке, мыйзамсыз товар ташууга каршы чараларды күчөтүүгө багытталган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу маалымат мамлекет башчынын сайтына 17-июнда жарыяланды.

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (Кылмыш-жаза кодексине, Жоруктар жөнүндө кодексине) мыйзамды Жогорку Кеңеш быйыл 18-майда кабыл алган.

"Жаңы Кылмыш-жаза кодексинде аткезчилик буюмдарды ташууда пайдаланылган транспорт каражаттары конфискацияланууга тийиш деген норма киргизилген",-деп айтылат билдирүүдө.

Жыл башында Юстиция министрлиги аткезчилик үчүн жазаны катаалдатуу үчүн мыйзам долбоорун даярдаган. Анда Кылмыш-жаза кодесиндеги экономикалык аткезчиликке барган жаран же уюшкан (транс чек аралык) топ, андагы адамдар бажы төлөмдөрүн эки эсе төлөп берсе, кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт деген жобо жоюлмай болгон. Ошондой эле аткезчилик үчүн колдонулган машинелер мамлекеттин карамагына өтөрү, товарларды жана унааларды мыйзамсыз ташуудагы айып пулдун өлчөмүн көбөйтүү каралган.

Министрлер кабинетинде 25-январда аткезчиликке каршы күрөшүүнү күчөтүү тууралуу чечим кабыл алынган.

Статистикага ылайык, Кыргызстан 67-80% чейин товарларды сырттан импорттойт. Андагы аткезчилик жана мыйзамсыз ишкердиктен турган көмүскө экономиканын көлөмү ички дүң өнүмдүн 37% барабар экени айтылып келет. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG