Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:52

Кыргызстанда мектептердин 74 пайызында окуучуларга ысык тамак берилет


Азыр көпчүлүк мектептерде окуучуларга бир сындырым токоч менен чай гана берилип калды.
Азыр көпчүлүк мектептерде окуучуларга бир сындырым токоч менен чай гана берилип калды.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети мектеп окуучуларынын тамактануусун уюштурууну жакшыртуу жөнүндөгү парламенттин токтомунун долбоорун талкуулап жатат. Анда билим берүү жана илим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова 2023-жылга чейин мектептердин баарында кенже класстардын окуучуларына бир маал ысык тамак берүүнү уюштуруу каралып жатканын айтты.

Буга чейин Жусупбекова Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы кымбаттагандан бери окуучуларга бир маал ысык тамак берүү маселеси кыйындаганын, соңку кездери тендерге катышууну каалагандар азайганын айткан.

Финансы министринин орун басары Жибек Дүйшееванын билдиришинче, учурда ар бир окуучунун тамагына күнүгө 14 сом бөлүп берүү каралып жатат, ал эми 2023-жылы 20 сомго жеткирүү планы бар.

Расмий маалыматка ылайык, 1-4-класстардын (башталгыч класстар) окуучуларынын жалпы саны жалпысынан 56 миңге чамалайт. Мектептерде ысык тамак берүүгө бюджеттен 595 миллион сом бөлүнгөн. Алыскы жана бийик тоолуу аймактардагы мектеп окуучусунун тамактануусуна күнүнө 10 сом, калган аймактардагы мектеп окуучусунун тамактануусуна күнүнө 7 сом каралган.

Президент Садыр Жапаров былтыр жыл аягында бир катар социалдык мекемелердеги тамактанууга каралган акча каражатын эки эсе көтөрүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, 1-январдан тартып Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин карамагындагы мекемелерде жашаган балдардын, улгайган жарандардын, майыптыгы бар адамдардын жана жетим балдардын, ата-энесинин көзөмөлүсүз калган балдардын тамак-ашына каралган каражат эки эсе көбөйгөн.

Былтыртан тартып Кыргызстанда негизги азык-түлүктөрдүн баасы бир нече эсе кымбаттады. Маселен соңку бир жылда эттин баасы 30-40% көбөйдү. Сүт азыктарынын наркы бир нече эсе көтөрүлдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG