Саясат таануучу Марат Казакпаевдин жана "Айыл Банктын" төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүн иликтөө үчүн түзүлгөн комиссияны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектейт. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
Маалыматка караганда, комиссиянын курамына акыйкатчы Атыр Абдрахматова, Жогорку Кеңештин, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, Казакпаев менен Асанбаевдин жакындары кирген.
56 жаштагы саясат таануучу, профессор Марат Казакпаев 9-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) абагынан ооруканага оор абалда которулуп, эртеси көз жумган. Ал былтыр апрелде "мамлекетке чыккынчылык кылган" деген шек менен кармалган.
"Айыл Банк" ачык акционердик коомунун төрагасынын мурдагы орун басары, 44 жаштагы Бакыт Асанбаев 18-июнда түнкү саат бирге жакын атайын кызматтын тергөө абагында асынып турган абалда табылган. УКМКнын маалыматында ал коррупцияга шек саналып 30-апрелде камакка алынган.
Президент Садыр Жапаров ушул эле күнү кечке жуук саясат таануучу Марат Казакпаев менен Бакыт Асанбаевдин өлүмүн бейтарап изилдөө үчүн комиссия түзгөн. (КЕ)