Улуттук банк өткөн жылы алтын куймаларын сатуудан жана валюталык операциялардан 9,2 млрд. сом киреше тапкан. Бул тууралуу банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде отчет берип жатып билдирди. Анын айтымында, кирешенин 90 пайызы мамлекеттик бюджетке берилген.
Бөкөнтаев дүйнөлүк экономикалык кризистин шартында инфляциянын деңгээлин 11,2% ашырбай кармап, улуттук валютанын туруктуулугун сактоо чаралары көрүлгөнүн кошумчалады.
Улуттук банк өткөн жылы 37,3 кг., ал эми 2020-жылы 44 кг. алтын куймасын саткан.
Президент Садыр Жапаров 28-февралда кайрылуу жасап, чет элдик валюталарды сатып алып жаткан кыргызстандыктарды Улуттук банктан алтын сатып алууга чакырган. Улуттук банк 28-февралдан тартып 22-мартка чейинки аралыкта 413,3 млн. сомго 63 килограмм алтын куймасын сатканын билдирген.
Украинадагы кырдаалга байланыштуу доллардын наркы көтөрүлүп, валюта рыногунда абал олку-солку болууда. Улуттук банк жыл башынан бери абалды кармап туруу максатында 11 жолу интервенция кылган. (КЕ)