Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

Ош базарында айрым соодагерлер митингге чыкты


Иллюстрациялык сүрөт. 5-февралда "Ош базарынын" соодагерлери Өкмөт үйүнүн алдына пикетке чогулушкан.
Иллюстрациялык сүрөт. 5-февралда "Ош базарынын" соодагерлери Өкмөт үйүнүн алдына пикетке чогулушкан.

Бишкектеги Ош базарынын айрым соодагерлери 21-июнда өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты. Алар базардын тегерегиндеги мыйзамсыз соода кылгандарды калкалагандарды жоопко тартууну, аларды колдогон сотторду кызматтан алууну талап кылууда. Нааразылыкка чыккандар "Ош базардын мафиясы камалсын" деп кыйкырып жатышты.

Бишкекте күнүгө 1,5 - 2 миңдей адам жайма базарда соодагерлик кылат. Мыйзамсыз сооданы көзөмөлдөө оор болуп жатканын жергиликтүү бийлик айтып чыккан.

Расмий маалыматка ылайык, 2021-жылдын башынан бери борбор калаадагы Ош базарынын айланасында мыйзамсыз соода кылгандарга каршы 70тен ашуун рейд жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында араба, отургучтар болуп 880 буюм алынган.

Буга чейин шаар бийлиги "Ош", "Дордой" жана "Орто-Сай" базарларынын айланасында мыйзамсыз соода кылгандарды тазалоого алы жетпей жатканын айтып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) кайрылган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG