Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:26

ЖК Cот адилеттиги иштери боюнча кеңешке талапкерлерди карайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин 22-июндагы жыйынында Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамын бекитүү маселеси каралат.

Өткөн айдын аягында чейин тармактык комитет бул кеңешке сунушталган талапкерлерди карап, тизмени Жогорку Кеңештин жалпы кароосуна жөнөткөн.

Тизме:

Парламенттик фракциялар сунуштаган талапкерлер: Мейкинбек Абдалиев, Русланбек Жакышов, Арсланбек Малиев, Балбак Түлөбаев;

Президент Садыр Жапаров сунуштаган талапкер: Бакыт Кыдыралиева;

Юристтер көрсөткөн талапкерлер: Эрлан Базарбаев, Курманбек Жороев, Данияр Маманов, Айзан Ниязалиева, Билим Райымкулов, Эркин Саданбеков, Назира Сопубекова, Жолдошбек Сулайманов, Таалайбек Эргешов, Сюита Эрмаматова;

Судьялар кеңеши шайлаган жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешине сунушталган судьялардын талапкерлери: Марат Акбердиев, Нургүл Асанова, Элмира Барыктабасова, Шералы Камчибеков, Айвар Кубатов, Дамира Сагынбекова, Аида Сейдакматова, Азис Эшалиев.

Былтыр майда күчүнө кирген Баш мыйзамга ылайык, судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу маселесин Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш карайт жана анын курамы 12 адамдан турат, төрагасы менен сегиз мүчөсү судьялардан куралат. Ага чейин бул орган Соттор кеңеши деп аталып келген.

Президент Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тууралуу конститициялык мыйзамга былтыр ноябрда кол койгон.

XS
SM
MD
LG