Өзбекстандын Ташкент шаарынан Тажикстандын Дүйшөмбү шаарына дээрлик 30 жылдан бери алгачкы жолу 21-июнда жүргүнчү ташыган поезд барды. Бул тууралуу “Өзбекстан темир жолдору” компаниясы кабарлады.
Ушул айдын башында тажик президенти Эмомали Рахмон Өзбекстанга расмий сапар менен барган. Анда кесиптеши Шавкат Мирзиёев менен бул каттамды жандантуу тууралуу макулдашкан.
Маалыматтарга караганда, бул каттам жумасына бир жолу ишке ашырылат жана жолдун узактыгы 21 саатты түзөт.
Өзбекстан менен Тажикстанды ортосундагы темир жол каттамы 1992-жылы Ташкенттин чечими менен коңшу мамлекеттеги жарандык согушка байланыштуу токтотулган.
Facebook шеринеси